Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 30.10.2019 15:16

Кара-Буурада өспүрүмдөр арасында футбол жана волейбол боюнча таймаш өттү

Turmush -  Кечээ, 29-октябрда Кара-Буура РИИБдин кызматкерлери өспүрүмдөр арасында спорттук мелдештерди уюштурушту. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара мектептер арасында араздашууну алдын алуу максатын көздөйт. Ага райондогу 4 мектептин 8-класстан 11-класска чейинки окуучулары катышып, футбол боюнча 16 команда, волейбол боюнча 4 команда таймашты. Футбол боюнча 1-орунду Жеңижок орто мектеби алса, волейбол боюнча 1-орунду С.Садыков орто мектебинин окуучулары ээледи. Командалар белектер менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×