Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Талас облусу, Талас 30.10.2019 14:37

Айыл турмушу: Таластык Т.Төлөбеков тарткан сүрөттү түркиялыктар алып кетишкен (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 58 жаштагы тургуну Төлөмүш Төлөбеков бир топ жылдан бери сүрөтчүлүк өнөрдү аркалап келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, балалык чагы Талас районунун Көпүрө-Базар айылында өткөн.

«1980-жылы Сүймөнкул Чокморов атындагы көркөм сүрөт окуу жайын бүтүрүп, 1 жыл «Кыял» кол өнөрчүлөр бирикмесинде иштегем. Эмгек жолумду 1984-жылы Талас районунун Конезавод атындагы орто мектебинде сүрөт жана чийүү сабагынан мугалим болуудан баштагам. Арадан 10 жыл өткөн соң шартка байланыштуу Талас шаарына көчүп келип, №1 жана №6 мектептерде мугалим болуп кесибимди уланттым. Жумушумдан сырткары атайын убакыт бөлүп, Кабылбек Коңурбаев атындагы балдар билим берүү борборунда сүрөт ийримин жетектеп, окуучуларды тарбиялап келдим.

Талас өрөөнүнүн жаратылышы абдан кооз. Балалык чагым да тоолуу айылда өткөн. Тоо арасын көрүп, жаратылышка суктанар элем. Жаратылышка болгон сүйүүм менен сүрөт тартам. Тоо койнунда, суу жээкте отуруп сүрөт тарткандан ырахат алам. Ошол убакта мага кандайдыр бир эргүү келет.

Тартылган сүрөттөрүм көлөмүнө жана композициясына жараша 5 миң сомдон 15 миң сомго чейин сатам. Менин эмгегимди Кыргызстандын булуң-бурчунан алып кеткендер көп болду. Ал эле эмес атайын Түркиядан келгендер бир сүрөтүмдү 100 долларга баалап сатып алышкан», - деди ал.

Сүрөтчү 3 уул, 1 кыз, 4 неберенин атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×