Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 30.10.2019 14:24

Нарын шаарындагы спартакиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Нарын шаарында маданият тармагынын жана ЖМКнын кызматкерлеринин спартакиадасы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мелдеш спорттун 5 түрү боюнча өтүп, 5 курама команда ат салышты. Жыйынтыгында жалпы командалык эсепте 1-орунду «Маданият» командасы, 2-орунду музыкалык мектептин, 3-орунду театрдын командасы камсыз кылышты. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи Маданият тармагынын жана ЖМКнын кызматкерлеринин кесиптик күнүндө өтүп, 1-2-3-орунду камсыз кылган командаларга кубок, тиешелүү даражадагы диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×