Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Талас облусуТалас району 31.10.2019 12:00

«Эжеке баарын көзүңдөн окуп алат»: С.Рахматулина 34 жылдан бери мектепте иштейт (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылынын 56 жаштагы тургуну Сүйүмкан Рахматулина бир топ жылдан бери башталгыч класстардын окуучуларына билим берип келе жатат. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Анын айтымында, 1985-жылы В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун педагогика бөлүмүн бүткөн. Улуту кыргыз. Чоң атасынын аты Рахматилде болгон. Ал жаш кезинде чет өлкөлөрдө жашап келип, кийин атын Рахматулин кылып өзгөртүп алган. Андыктан бир туугандарынын баары Рахматулин деген фамилияда жүрөт.

«Көпчүлүккө «менин колумдан тигүүчүлүк эмес, баланы окутуп, аны тарбиялаган келет» деп айтып калам. Атам тарых сабагынан мугалим болчу. Ата жолун улай бир тууган сиңдилерим дагы мугалим болуп, агартуу тармагында эмгектенебиз. Алгачкы эмгек жолум Долоно айылындагы мектепте башталган. Ал жакта 6 жыл иштеп, 28 жылдан бери Көк-Токой айылындагы орто мектепте башталгыч класстардын окуучуларына билим берип келе жатам.

Методиканы жаңылоо максатында долбоорлор менен иштешип, семинарларга барып тажрыйба топтоп турабыз. Ата-энелер менен көп иштешем. «Ата-энелер өрнөк болушат» деген программа боюнча окуучунун ата-энеси менен бирге сабак өтүп турабыз. Себеби ата-эне баланы мектепке жөнөтүп коюп, андан чоң нерсени күтүп отурбастан аны менен жакын мамиледе болушу керек. Кесибимдин арты менен канчалаган балдарды окуттум. Көптөгөн окуучуларым менен сыймыктанып келем. Мектептин жашоосу мен үчүн жараткандан чоң белек деп эсептейм. Себеби мектепке барбай чыдап отура албайм. Классым түштөн кийин окушса дагы саат 10:00дө барып алып, сабакка даярдык көрөм. Союз мезгилдин тартиби дагы ошондой болуп, ага көнүп калганбыз.

Балдар менен кызыктуу, бирок ага кошо кейиген күндөр дагы болот. Балдар болгондуктан эже деген сөздүн ордуна «апа» деп айтып алышат. Ал сөз дагы жагымдуу эмеспи. Классымда Мекен, Ынтымак деген эгиз балдарым бар. Бири-бирине өзгөчө окшош. Бир күнү сабакка келбей калышты. Эртеси себебин сурадым. Алар «чоң атамдын үйүнө бардык эле, келе албай калдык» деп жооп беришти. Чоң атасы менен чоң апасы ушул айылдын тургундары болгондуктан баарын тааныйм. Кийинки күнү алардын калп айтканын сезип, «чоң атаңдан сурадым, силер үйүнө барбаптырсыңар» десем чындыгын айтып беришти. Көрсө улуу акеси мал каратып койгон экен. «Эжекеңерге чоң атамдыкына барып чөп чаап, кечигип калдык дегиле» деп үйрөтүптүр. Мен «көзүңөрдөн эле билип турам» деп койсом, алар окуучуларга «эже көзүбүздөн баарын билип алат экен» деп айтып келишиптир. «Эжеке баарын көзүңдөн окуп алат» деп кужурап калышат (күлүп).

Бир топ жылдан бери насаатчы болуп келем. Иш пландын негизинде жаш мугалимдер менен иш алып барам. Жыйынтыгында ийгиликтерин көрүп сүйүнөм. Окуучуларымдын дагы билим көрсөткүчү бийик болсо кубанам. Мектеп – экинчи үйүм. Райондук, облустук сыйлыктарга ээ болуп, «Эл агартуунун отличниги» наамын 2007-жылы алгам», - деди ал.

Мугалим айым 3 кыз, 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×