Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Талас облусуТалас району 30.10.2019 12:46

Айыл турмушу: Таластык Төрөбай уста тиричилик техникаларын оңдоп, элге кызмат кылууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылынын 62 жаштагы тургуну Төрөбай Кадыркул уулу тиричилик техникаларын оңдоо менен алектенет. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча электрик.

«5 жыл мурда тиричилик техникаларды оңдоого киришкем. Кардарларым арбын, Таластын бардык бурчунан келишет. Алгач имараттарды ижарага алып, Таласта иштеп жүрдүм. Азыр үйүмдүн жанындамын. Ар бир күнүм ушундай техникаларды оңдоо менен өтөт. Себеби ар бир үйдө мындай буюмдар бар. Техника болгондон кийин бузулуп калат. Ардагер, пенсионерлерге бекер оңдоп берем. Кызмат акым деле көп эмес. 50 сомдон 500 сомго чейин болот. Мисалы кир жуучу машиналарды татаалдыгына карап 500 сомго чейин, ток чайнектерди 50 сомго оңдойм. Ыргытып жибербестен оңдотуп алсам дегендер көп. Чөнтөгүнө дагы үнөм болот. Оңдоп бергенден кийин 2 айга чейин кепилдик берип, өзүмө каттап коём. Кардарлар түнкү саат 24:00дө келсе дагы оңдоп берем.

Жарабай калган желимдерди пресстегичке жөнөтүп турчу элем. Азыр ал иштебейт. Эч ким мындай нерселерди албайт, үйүлүп кетти. Желим престөөчү жай иштеп турса тегеректе желим баштыкча, желим бөтөлкөлөр дагы жатмак эмес.

Орто кесиптик окуу жайларда ширетүүнү гана эмес тиричилик техникасын оңдогонду дагы кошуп үйрөтүшсө дейм. Себеби жаштар сырт жакка кетип жатышат. Аны билип алса жакшы жумуштарда иштешмек», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле тарыхый эски буюмдарды сактап келе жатканын айтты.

«Мен археологиялык табылгаларга абдан кызыгам. Өткөн кылымдарга таандык кылыч, буурчак майдалагыч, жаргылчак, «Манас Ордодогу» мончок таштын түгөйүн жана башкаларды чогултуп сактап жүрөм. Мага эл көп келгендиктен аларга, өзгөчө жаштар билип алсын деп тарыхын айтып турам», - деди ал.

Уста үй-бүлөдө 2 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×