Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 30.10.2019 08:55 На русском

Сүрөт — Нарындагы сулуулар сынагынын жеңүүчүлөрү Дубайда эс алышат

Turmush -  Кечээ, 29-октябрда Нарын шаарында сулуулар сынагы өтүп, анын жеңүүчүлөрү Дубайга жана Алмата шаарына жолдомо алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынакка 6 мырза жана 6 кыз катышкан. Алар өздөрүн видеотасма аркылуу тааныштырып, улуттук кийим, Дубайды чагылдыруу, бий, дуэт ырдоо, кечки номур программалары боюнча күч сынашты.

Жыйынтыгында баш байгени алган жеңүүчүлөр 7 күнгө Дубайга жолдомо алышса, 1-2-3-орундарды камсыз кылган улан-кыздар Алматада эс алмай болушту.

Дубайга жолдомо утуп алган Жасмин Максатова үчүн жеңиши күтүүсүз болгон.

«Нарын шаарындагы №2 В.П.Чкалов атындагы орто мектебинин 9-классында окуйм. Сынакка жалпы эки жумадай, таң атканча уктабай даярдандым. Жеңүүчү болом деп ойлогон эмесмин. Азыр деле түш сыяктуу болуп ишенбей жатам. Сулуулар сынагына алгачкы жолу катыштым. Ата-энем, бир туугандарым жана курбуларым даярданууга абдан чоң көмөк көрсөтүштү. Алардын эмгеги, жардамы менен баш байгени алып отурам. Баарына ыраазычылык билдирем», - деди ал.

Сынакта 1-2-3-орундарды Даулет Турдугулов, Акниет Талантбек уулу, Жамин Балтабаев, Ислам Асанов, Элнура Кожонова, Ат-Башы районунан келишкен Айдай Дүйшөналиева жана Аделя Өмүракунова алды.

Сынактын катышуучулары

Мырзалар:

- Арлен Ажыбеков;
- Эрлан Мирланов;
- Жамин Балтабаев;
- Давлет Турдугулов;
- Ислам Асанов;
- Акниет Талантбек уулу.

Кыздар:

- Аделя Өмүракунова;
- Рабия Алымбек кызы;
- Элнура Кожонова;
- Айсулуу Сулайманова;
- Жасмин Максатова;
- Айдай Бейшеналиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×