Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 30.10.2019 08:39

Саруу айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы шайланды

Жети-Өгүз району
Жети-Өгүз району

Turmush -  Кечээ, 29-октябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эки тур менен өткөн шайлоонун жыйынтыгында Искаков Нурлан Табалдиевич жеңди. Ал экинчи турда айылдык кеңештин депутаттарынын 13 добушун алган.

Саруу айылдык кеңешинде жалпы 21 депутат бар, добуш берүүгө алардын баары катышты. Бош кызматка 3 талапкер ат салышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×