Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 29.10.2019 08:26

Айыл турмушу: Ак-талаалык уста Д.Разакулов 5 айылдын элине кызмат кылып жатат (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын 54 жаштагы тургуну Догдурбек Разакулов көп жылдардан бери жыгач устачылык менен алектенип келет. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Анын айтымында, жыгач тилүүчү жабдыгы менен 5 айылдын элине кызмат кылып келет.

«Бала кезимден бери эле кылган ишим устачылык. Кудай берген өнөрдүн арты менен өз чарбабыздын ишин жүргүзүп жатабыз. «Ленточный» пилораманы алып келгениме 2 жылдын жүзү болду. 5 айылдын элине кызмат кылат. Устундан тарта комуздун капкасына чейин тилип берем. 1 куб карагай устунду 1000 сомго тилип берем. Кара-Бүргөн, Коңорчок, Чолок-Кайың, Жерге-Тал жана Кош-Дөбө айылынан келип, жоон-жоон устундарды, тактайларды тилдирип кетип турушат. Буйрутма менен жыгачтан ар түркүн буюмдарды жасайм», - деди ал.

Устанын жубайы Динара Кемелова мугалимдик кесипти аркалап, 4-5 жылдан бери карыган кайын энесин багуу үчүн иштебей калганын белгиледи.

«Өзүм мугалим болуп иштечүмүн. Үйдө карыган энебиз бар. Ал адамды убагында тамагын берип караш керек. Ошондуктан мугалимдик ишимди таштап салганыма 4-5 жыл болду.

Жолдошум мурун тегирмен иштетчү. Эми азыр андай тегирменге эч ким ун тарттырбай калбадыбы. Өзү колунан көөрү төгүлгөн уста. Жыгачтан каалга-терезе, бешик, боз үй жана башка буюмдарды жасайт. Боз үйдү буйрутма аркылуу жасап берет. 1 боз үйдү 30 миң сомго баалайт. 1 жылда 3-4 боз үй жасоого жетишет. Андан сырткары сүзүлгөн унааларды оңдойт. Кыскасы колунан бардык иш келет», - деди ал.

Жубайлардын бирге түтүн булатып келе жатканына 30 жылдын жүзү болду. Экөө 1 уул, 4 кыз, 6 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×