Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 28.10.2019 18:06

Чаткалда эр эңиш боюнча республикалык чемпионат өтөт

Turmush -  Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айылында 5-6-7-ноябрь күндөрү эр эңиш боюнча республикалык чемпионат өтөт. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында алыскы райондо улуттук оюндарды жайылтуу максатында эр эңиш боюнча өлкөнүн 5-чемпионаты уюштурулуп жатат.

«Ага Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан келген балбандар катышуусу күтүлүүдө. Мелдешке 18 жаштан ашкан 60, 70, 80, 90 жана 90 килограммдан жогорку салмактагы балбандар катыша алышат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×