Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Талас облусуТалас району 28.10.2019 18:01 На русском

«Апа, сиз агарсаңыз болбойбу? Атамдын канчанчы аялысыз?»: Элеттеги эне жана сөз кылышкан балдар (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылынын 43 жаштагы тургуну Гүлзат Садыкова 4 уул, 3 кыздын энеси. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Гүлзат айымдын апасы Зинакан апа: Гүлзат кызым мектепти эң жакшы окуп бүткөн. Жогорку окуу жайдан окутабыз деп документтерин камдап, Бишкекке жөнөтөбүз деп калганбыз. Окууга жөнөтөр алдында тоодон мал алып келип, бирге тамактанып алалы деп абышкам экөөбүз тоого кетип калганбыз. Ошондо аталаш эжеси Гүлзатка жолугуп, окуу жайга кетерин угуп, ашканага киргизип коеюн деп Гүлзатты кичинекей сиңдиси менен алып барыптыр. Бирок ал жактан тамак ичпестен, тамак бышырган майды бирөөдөн алып келип калалы деп бул үйгө (келин болуп келген үй) келишиптир. Ошол кезде май жокко эсе болгон. Эртеси кудалар бизге «кызыңарды алдык» деп келишиптир. Мен «бизде күйөөгө тие турган кызыбыз жок» деп сөз талашып калдым. «Гүлзат кызыңар өзү келип отуруп калды» десе, абышкам экөөбүз эки жерге шалдайып отуруп калганбыз. Ошентип кудайым бак берип жашап келе жатат.

Гүлзат айым: Бейкапар келсем үйдө 5-6 аял отуруптур. Аталаш эжем сатып алган майын үйүнө алып барып таштап келели деп ээрчитип кетип калды. Көрсө баары пландалган экен (күлүп). Баягы аялдар мага жоолук салып отургузуп коюшту. Ошентип жолдошум Аязбекти бир дагы жолу көрбөй, 1993-жылы баш кошуп, азыр 7 баланын апасы болдум. Өзүм 8 бир туугандын бешинчисимин. Көп бир тууган болгон жакшы экенин сезип, көп балалуу болдук. Баары шүгүр, болгону убагында окубай калып, бухгалтер болом деген кыялым ишке ашпай калды.

Балдарым бирин-биринен өтүп жакшы окушат. Улуу кызым жогорку окуу жайды жакшы бүтүп, ал жакта мугалим болуп иштеп калды. Мектепте окуп жаткан балдарымдын кол өнөрчүлүк боюнча таланттары күч. Келечекте дизайнер болобуз деп калышат. Өзүмдүн атамдын колунан баары келчү. Ээр чаап, кайыштан буюм жасап, боз үйдүн кийиздерин бычып-тигип берчү. Мен сүрөттү жакшы тартам, азыр балдарыма тартып берем. Балдарымдын ар кимисинин мүнөзү ар башка. Кыздарым мага окшош, тынч. Ал эми балдарым кыймылдуу. Мени күлдүрүп турушат.

Бир күнү улуу балам келип, мени карап турду да «апа, сиз агарсаңыз болбойбу?» деп суроо берди. Мен күлө албай же мүмкүн болбогон нерсеге актана албай кайра өзүнө «эмне үчүн мен агарышым керек?» деп суроо бердим. Балам «мындан дагы сулуу болмоксуз» деп жатпайбы (күлүп). Эртеси дагы эшиктен далбастап кирип келип, «апа, сиз атамдын канчанчы аялы болосуз?» деп сурады. Ошол маалда үйдө кайын эжем дагы бар болчу. Ал угуп калып, «апаң атаңдын нөлүнчү аялы болот» десе чуркаган бойдон эшикке кетти. Көрсө эшиктеги балдар менен аны дагы талкуу кылышкан экен.

Экинчи балам дагы шок болчу. Бир күнү мен ооруп калдым. Мени карап жанымда болуп калды. Сабагына жөнөп жатат го десем, үйдүн жанынан өтүп бараткан классташтарына айнектен «бүгүн мен сабакка барбайм, бут кийимим айрылып калган» деп мага жан тартып калып калган экен. Сабактан калганына кейип жатсам, бир четинен мага жан тартканын унутпайм. Балдарым — бакытым. Алар менен баары берекелүү. Жолдошум Аязбек кесиби боюнча куруучу. Бетке айткан ак көңүл киши.

Гүлзат айымдын уул-кыздары:

- Курманбекова Алтынай 1994-жылы төрөлгөн;

- Курманбеков Беккожо 1997-жылы төрөлгөн;

- Курманбеков Шамил 1998-жылы төрөлгөн;

- Курманбекова Адинай 2004-жылы төрөлгөн;

- Курманбеков Темирлан 2007-жылы төрөлгөн;

- Курманбеков Сулайман 2014-жылы төрөлгөн;

- Курманбекова Амина 2018-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

13.09.2019«Ушунча балага кантип чыдайсың?»: Забида айым балдарынын туулган жылдарын унутуп калат (сүрөт)
28.06.2019«Эми кыз төрөсөңүз албайм дагы, бакпайм дагы»: 7 кыздын апасы К.Алымбаева сегизинчи наристесин күтүп жатат. Сүрөт
20.06.2019Эркек төрөптүр деп таарынган кыз: 8 баланын апасы А.Эркалиева жолдошу экөөлөп үй куруп жатат. Сүрөт
20.05.20199 бала, 1 бөлмө үй, туугандардын балдарын да багуу: А.Камбарбекова коомдук унаага түшкөндө балдарын көргөндөр таң калышат. Сүрөт
11.06.2019«Ата, апамды эркек төрөтүп келиңизчи»: Трактористтин 44 жаштагы жубайы Зулфия айым 9 кыз, 2 уулдун апасы. Сүрөт
25.07.2019«Өзүм дагы жалгыз баламын, эркек төрөсөң экен»: 40 жаштагы Замира айым 7 кыздын апасы. Сүрөт
09.09.2019«40 кыз болсо дагы баары меники»: Тарбиячы Чолпон айымдын кыздары жана энелик бакыты. Сүрөт
23.10.2019«Апа, министрлерди киргизбейсизби:» Таластагы мектепке барган «министрлердин» жоругу (сүрөт)
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×