Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Ош облусуАлай району 28.10.2019 15:03

Сүрөт — Кыл чайнашкан көк бөрүчүлөр жана балбандар. Алайдагы Алымбек датканын 220 жылдыгы

Turmush -  Алай районунда Алымбек датканын 220 жылдыгына карата көк бөрү жана кыргыз күрөш боюнча мелдештер өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мелдешке Ош облусунун райондорунан жана Баткен облусунун Лейлек районунан келишкен командалар катышты. Алардын ичинен көк бөрү боюнча мелдеште 1-орунду Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн командасы алып, 100 миң сом менен сыйланды. 2-орунду ээлеген Будалык айыл өкмөтү (Алай) 70 миң сом, 3-орунду алган Корул айыл өкмөтү (Алай) 50 миң сом жана 4-орунду алган Гүлчө айыл өкмөтү (Алай) 30 миң сом акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Мындан сырткары мелдешке катышкан ар бир командага 5 миң сомдон тапшырылды.

Ал эми улуттук кыргыз күрөшү боюнча мелдеште балбандар 80 кг салмакка чейин жана 80 кг салмактан жогору категорияларда күч сынашты. Жыйынтыгында 80 кг салмакка чейин 1-орунду Ош шаарынын тургуну Тагайбек уулу Нурсейит, 2-орунду Ноокат районунун тургуну Мажитов Азамат, 3-орунду Алай районунун тургуну Таалайбек уулу Байкол жана Кушбаков Бакыт алды. Ал эми 80 кг жогорку салмакта 1-орунга Кара Суу районунун тургуну Ороз Аширов, 2-орунга Ош шаарынын тургуну Нургазы Тойчиев, 3-орунга Алай районунун тургуну Гүлжигит Анарбаев ээ болду. Ороз Ашировго «Алтын кур» ыйгарылып, мелдештин чемпиону аталды.

Күрөштө 1-орунду алгандарга 15 миң сом, 2-орунду алгандарга 10 миң сом жана 3-орунду алгандарга 5 миң сомдон акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×