Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 28.10.2019 13:17

Кочкордо салбурундун жеңүүчүлөрү сыйланды

Turmush -  Кочкордо мамлекеттик, саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата салбурун оюну өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жаңы-Жол айылында салбурун оюну Кочкордогу демөөрчүлөрдүн уюштуруусу менен өткөн. Ага республиканын бардык аймактарынан салбурунчулар катышты. Анда бүркүт, ителги салуу, тайган жарыштыруу, тайганды карышкырга, кашкулакка салуу, жаа атуу сыяктуу бир катар улуттук оюндар өткөрүлдү. Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов, Кочкор району боюнча салбурун оюндарын уюштуруучу Таалай Осмоналиев, Салбурун федерациясынын жетекчиси Алмаз Акунов меймандарды куттуктап, катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Турдакун Усубалиевдин арбагына куран окулуп, Кочкор райондук маданият үйүнүн ырчылары концерттик программа тартуулашкан. Көрүүчүлөрдү өзгөчө тайган оюндары кызыктырды.

Таза тайган боюнча сынакта:

- 1-орунду Кеминден келген Талант Бакыт уулу алып, 3000 сом;
- 2-орунду Таластан келген Арслан Облусбеков ээлеп, 2000 сом;
- 3-орунду Жалал-Абад облусунун Аксы районунан келген Алтынбек Изабеков алып, 1000 сом менен сыйланышты.

Күчүк тайгандарды чыргага салууда:

- 1-орунду Толубай Караколбек уулу (Жумгал району) алып, 1500 сом;
- 2-орунду Кубанычбек Молдобаев (Кочкор району) алып, 1000 сом;
- 3-орунду Толубай Караколбек уулу (Жумгал району) ээлеп, 500 сом менен сыйланышты.

Тайган жарышта (1000 метр):

- 1-орунду Ат-Башы районунан келген Улан Исмаилов алып, 3000 сом;
- 2-орунду Жумгал районунан Кудаш Салисов алып, 2000 сом;
- 3-орунду Талас районунан Канат Таажыканов алып, 1000 сом менен сыйланды.

Тайганды кашкулакка салууда:

- 1-орунду Жаныбек Момункулов (Жумгал району) алып, 3000 сом;
- 2-орунду Амантур Бекишов (Жумгал району) ээлеп, 2000 сом;
- 3-орунду Айтбек Абдрасулов (Жумгал району) алып, 1000 сом менен сыйланды.

Тайганды карышкырга салууда:

- 1-орунду Жаныбек Момункулов (Жумгал району) алып, 3000 сом;
- 2-орунду Алтынбек Изабеков (Аксы району) ээлеп, 2000 сом;
- 3-орунду Эркин Акматбеков (Токтогул району) алып, 1000 сом менен сыйланды.

Мындан сырткары бүркүттү чырга, үндүккө чакыруу оюндары, ителгини далба тептирүү, жаа атуу оюндарынын жеңүүчүлөрүнө медаль, грамоталар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×