Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Талас облусуТалас району 28.10.2019 09:49 Жаңыланды: 09.11.2019 21:09

Айыл турмушу: Чебер Г.Орозбаева майыптарга кийимди акысыз тигип берет

Turmush -  Талас районунун Кара-Суу айылынын 44 жаштагы тургуну Гүлира Орозбаева мүмкүнчүлүгү чектелген тургундардын кийим-кечесин бекер тигип берет. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Анын айтымында, кийимдердин түрлөрүн тиге алат.

«Мен үй кожейкесимин. Балдарым чоңоюп калганда иш менен убакыт өткөрүш керек болду. Кол жөндөмүмө карап цех ачууну максат кылдым. Алгач өзүм 7 жыл Бишкектеги тигүүчү цехтерде иштедим. Технолог болууга дагы жетиштим. Каражат жана тажрыйба топтоп алып айылга келип, үйдөн цех ачып иштеп жатам. Кыздарым окуучу кезинде жардам берип, түркүн көйнөктөрдү тигишти. Азыр дизайнерлик боюнча билим алып, Бишкекте атактуу ырчылардын формаларын тигип иштешет.

Айылда жумуш болсо иштейт элем деген келиндер бар болчу. Алар менен бирге иштөө тууралуу ой келди. Үйдөгү тигүүчү машинелерге дагы 2 машине сатып келип коштум. Ошентип кыз-келиндерге үйрөтүп, кийимдин бардык түрүн тигип иштейбиз. Келиндер нааразы болбой тургандай эмгек акы алышат. Мүмкүнчүлүгү чектелген кардарлар бар. Аларга бекер тигип беребиз. Буйрутмалар көп келет. 2 күндө 5-10 миң сомго чейин таза киреше табам. Пальто, шубадан бери, көйнөктөрдүн түрлөрүн, айымдарга ылайыктуу кийимдерди тигебиз. Мисалы, чыптама 1500 сом болот», - деди ал.

Гүлира айым 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×