Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 27.10.2019 15:00

Нарындык балбандар республикалык мелдеште 1-орунду алышты

Turmush -  Эркин күрөш боюнча республикалык мелдеште Нарын облусунун 13 балбаны байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Нарын шаарында өткөн республикалык мелдеште Нарын облусунун тургундары: Сыдыкбеков Анарбек, Шаршеев Тилек, Жолдошбеков Улук, Акматалиев Эрназар 1-орундарды ээлешсе, Үмөталиев Адилет, Токтобеков Бекжан, Нурдавлетов Кунай 2-орунду, Карачов Абдумалик, Теңдиков Бекзат, Жыргалбек уулу Мырза, Замирбеков Илим, Мыктыбеков Баяман 3-орундарга илинди.

Ошондой эле Нарын облусунун спортчулары жалпы командалык эсепте 13 медаль менен 1-орунду камсыздашты. 13-14-октябрда өткөн мелдешке Кыргызстандын облустарынан келген 150гө жакын балбан катышып, 10 салмак категорияда күч сынашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×