Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 26.10.2019 10:18 На русском

Сүрөт — Кара-Балтадагы көпүрөгө кыпчылып калган жүк ташуучу унаа

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы көпүрөгө жүк ташуучу унаа кыпчылып калды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу убакытты жана күйүүчү майды үнөмдөп, унаасын П.Тольятти көчөсү аркылуу башкарып бара жаткан. Бирок ал жактагы көпүрөнүн астынан унаанын чиркегичи батпай калган. Айдоочу бир нече жолу көпүрөдөн өтүүгө аракет жасаган, бирок майнап чыккан эмес. Анын кесепетинен унаанын айрым жерлери зыянга учураган. Айдоочу кайра башка жол менен кетүүгө аргасыз болду.

«Биз мындай көрүнүштү биринчи жолу көрбөй элебиз. Бир нече күн мурун ушундай эле жүк ташуучу унаанын айдоочусу көпүрөнүн астынан жогорку ылдамдыкта өтүүгө аракет жасаган. Бирок унаа көпүрөнүн так ортосуна кыпчылып калып, айдоочу 2 саат унаасын чыгарууга аракет жасаган. Буга чейин көпүрөнүн үстүндө анын бийиктиги жазылган жазуу бар болчу, бирок ал өчүп калган. Ошондуктан ал жазууну кайра жаңылаш керек», - деди окуянын күбөсү.

Көпүрөнүн астына кыпчылып калган жүк ташуучу унаа

IMG-20191021-WA0009

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×