Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусу, Ош 25.10.2019 13:22 На русском

Ош шаардык ички иштер башкармалыгын кимдер жетектеген? Сүрөт

Turmush -  Быйыл кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгы белгиленип жатат. Ага карата Turmush басылмасы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы менен бирге атайын материал даярдады.

1918-жылы 29-январда Ош шаарынын эл депутаттарынын жыйынында милиция кызматын түзүү тууралуу чечим кабыл алынган. Жыйында Ош шаардык милициясынын алгачкы башчысы болуп Балтакожо Султанов дайындалган. Ал кийинчерээк басмачылардын колунан көз жумган.

Кийин Ош шаарынын милициясы Ош облустук ички иштер башкармалыгынын бир бөлүмү катары иштеп келген. Өкмөттүн 2003-жылдын 14-апрелиндеги №208 «Ош шаарынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын кайра түзүү» токтомунун негизинде Ош шаары ѳз алдынча административдик бирдик катары саналып, Ош шаарынын ѳз алдынча башкаруу администрациясы түзүлгөн. Өкмөттүн токтомунун негизинде 2003-жылдын 14-майында Ички иштер министрлигинин Ош шаардык ички иштер башкармалыгын түзүү тууралуу №240 буйругу чыккан. Башкармалыктын башчысы болуп Чыныбек Алиев дайындалган.

Соңку 15 жылда Ош ШИИБди бир катар жетекчилер жетектеп келишти. Алар: Полотбек Төлөнов, Камил Абдрахманов, Ураимжан Ташиев, Рустам Мирзаматов, Бакыт Матмусаев, Азиз Тешебаев, Курсан Асанов, Болот Нышанов, Памирбек Асанов, Марат Орозбаев, Сүйүнбек Өмүрзаков, Кылычбек Жолдошов. Учурда Ош ШИИБдин башчысы болуп милициянын полковниги Мурат Боронов эмгектенип жатат.

Ош ШИИБде кызмат өтөп же кызмат учурунда кайтыш болгон кызматкерлердин ысымы Ош шаарынын айрым көчөлөрүнө ыйгарылган. Алар: Э.Алиев, Б.Нурматов, Ю.Төлөнов, Р.Юнусов, Н.Сайдиев атындагы көчөлөр.

2010-жылдагы июнь окуясынан кийин Ош ШИИБдин 7 кызматкери «Эрдик» медалы менен сыйланышкан: Шакир Зулимов, Абдил Куланбаев, Адылбек Абдуллаев, Жусуп уулу Алтынбек, Ашырбек Ахунов, Бурканбек Сатаров, Эркин Чокоев.

Бүгүнкү күндѳ ОШ ШИИБде 600дөн ашуун кызматкер эмгектенишет. Башкармалык ыкчам-кызматтык иликтѳѳ иштеринин жыйынтыктары менен республика боюнча 2018-жылы 2-орунду, 2014-2015-2016-2017-жылдары 1-орунду ээлеген. Ошондой эле башкармалык Ош шаардык мэриясы тарабынан «2018-жылдын мыкты мекемеси» деп табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×