Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Талас облусуТалас району 25.10.2019 15:01

Айыл турмушу: Таластык Р.Сапаралиев шире чыгарган жабдык иштетип, күнүнө 5000 сомдон табууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кара-Суу айылынын 33 жаштагы тургуну Райымберди Сапаралиев шире чыгарган жабдык жасап, күнүнө 5000 сомдон пайда табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, шире чыгаруучу жабдыкты өздөрүнүн гана алмасын тартуу үчүн жасаган. Жыйынтыгында аны менен киреше таба баштаган.

«Башында бул жерге дөңгөлөк желимдөөчү жай ачып, унааларды оңдоюн деген максатта иштеп баштагам. Бирок ал менин купулума толбой, ишке ашкан жок. Ширетүүнү билгендиктен 7 жыл мурун шире чыгарган жабдыкты жасап, имаратка улай жайгаштырып алдым. Себеби үйдө алма көп, жерде кор болуп жатчу. Аны эске алуу менен өзүбүздүн гана алмабызды чыгаруу үчүн жасагам. Менин шире чыгарганымды коңшу Манас айылынын тургуну көрүп калып, эртеси ал дагы шире чыгарып кетти. Ошентип биринен бири угуп отуруп, эл көбөйүп кетти. Жыйынтыгында жабдыгым менен киреше таба баштадым.

Жабдыкты 30 миң сомго жасагам. Чыгашасын бат эле актап койду. Азыр мындай жабдык башка айылдарда деле бар. Мен ачканга чейин башка райондордо 1-2 жерде бар болчу. Ал жакка барып шире чыгаруу деле түйшүктүү. Бирок ошол айылдагылар мага келип, шире чыгарып кетишет. Себебин билбейм (күлүп). Арзан болгондугунан болсо керек деп коём. Кээде түнкү саат 24:00 чейин иштеген күндөрүм болот.

Эгер алма ширелүү болсо 1 кабын 5 мүнөттө чыгарат. Эгерде алма ширелүү болбосо 15 мүнөт кетет. Жаңы алманын ширеси көп болот. Алмаларды бир сыйра жууп келип тарттырышат. Үйүнө барганда кошулмаларын кошуп, кайнатып, банкаларга куюп алышат. Алма бышкандан тарта кеч күзгө чейин иш болуп турат. 3 жыл мурун эң көп дегенде 1 күндө 160 кап алмадан шире чыгаргам. Демейде 100 каптын тегереги болот. Күнүнө кеминде 5000 сомдон пайда табам. 1 кап алманы 50 сомго тартып берем.

Кесибим электрик, окууну аяктагандан кийин 2 жылдай иштедим. Бирок аны таштоого мажбур болдум. Себеби маяна менен оокат болчудай эмес. Андан көрө айылда дыйканчылык кылган жакшы деп, ошол жол менен эмгектенип келе жатам. Алдыда 1 челек помидорду 30 секундда чыгара турган туурагыч чыгарууну пландап жатам», - деди ал.

Райымберди мырза 2 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×