Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Талас облусу, Талас 25.10.2019 12:02

Таласта ундун баасы кымбаттады

Turmush -  Талас облусунда ундун баасы кымбаттады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Маалыматка караганда, акыркы жума ичинде салмагы 50 кг болгон 1 кап унду 1600 сомго чейин алып жатышат. Буга чейин ундун баасы 1100 сом болчу.

Өкмөткө караштуу Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин Талас облусундагы башкармалыгынын адиси Зухра Бугубаеванын айтымында, Казакстандан алынып келген ундун баасы кымбаттады.

«Биз өзүбүздүн милдеттерге ылайык, социалдык маанидеги азыктардын баасына ар бир бейшемби сайын мониторинг жүргүзүп турабыз. Акыркы мониторингде ундун баасы кымбаттаганы байкалган. Талас облусуна ун Казакстандан алынып келет.

Сатуучулардын айтымында, Казакстанда ундун баасы кымбат болгондуктан бизде да кымбаттаган. Учурда 1-сорт ундун баасы 1450 сом. Эң арзаны 1250 сомдон, ал эми 2-сорттогу ун 900 сомдон сатылууда. Өзүбүздөн өндүрүлгөн ун 25 кг болуп капка салынып, баасы 700 сомдон болууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×