Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Талас облусуТалас району 25.10.2019 17:55

Айыл турмушу: Таластык С.Алымов асыл тукум жылкыларды сатып ишкерлик кылат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кара-Суу айылынын 60 жаштагы тургуну Сыргак Алымов асыл тукум жылкыларды багып ишкерлик кылат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жылкыларды багууга неберелери жардам берет.

«Айыл чарба институтун аяктап, ошол тармакта эмгектендим. Мал-жандыкты багуу сырын жакшы билгендиктен союз тарагандан баштап жылкы багып келем. Асыл тукумдуулугуна көңүл буруп, жакшы күлүктөрдү таптайм. Бул асыл тукум жылкылары ойноктоп, туйлап турат. Күчтүү, күлүк, акылдуу келет. Ошондуктан аларды мелдештерге салып, улакка чаап, жарышка кошушат. Жылкы баласын сүйүүчүлөр 120 миң сомдон өйдө сатып алып кетишет. 15 башка чейин карайм. Небере балдарым маал-маалы менен бастырып, чуркатып, тоютунан кем кылбай кароого жардамдашат. Алар жаш болсо дагы мени менен жүрүп жылкы багуунун сырларын үйрөнүп жатышат.

Жылкыны жакшы багыш үчүн бизден көп нерсе талап кылынат. Ойноктоп турган жылкыларды көркүнөн кетирбей жакшы багыш үчүн жем-чөбүн убагында берип, жакшы караш керек. Өзгөчө мына-мына тууйт деп турган бооз бээлерге жакшы кам көрөбүз. Аттарга күнүгө эртең менен чөп, буудайдын акшагы, арпа берилет. Бирок аттар үчүн көк чөп, беде, картөшкө, сабиз жана кызылчадан өткөн тоют жок. Бирок тоют канчалык жакшы болбосун, жайыттагы көк чөпкө эмне жетсин?

Жылкыга кам көрүүдө анын терисине, жал-куйругуна дайыма көңүл буруп турам. Атты жууп-тазалап, тарак менен тарап туруу зарыл. Атты жорголотуп же улакка чаптырып келгенден кийин үстүнө жабуу жаап суутуп, андан соң жууп-тазалайм. Булар абдан сезгич келишет, аларга адамдардын көңүл бурганы, кучактаганы абдан жагат. Ушундай мамиле кылса, аттар чабандеске жакын болуп калышат. Жалпы эле жандыкты жакшы карасак сооп иш жасаган болобуз. Аларга короо-сарайдан бери ылайыктап куруп, кышкысын жылуу орун камдагам. Фильм, Кашка, Карагер деген күлүктөрүм ийгилик жаратышкан.

Мал чарбасынын арты менен балдарыбызды окуттук. Баары жогорку билимдүү. 2 балам Америкада иштейт», - деди саяпкер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×