Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 25.10.2019 10:35

Баткенде шаардын 20 жылдыгына карата спартакиада өттү

Turmush -  Кечээ, 24-октябрда Баткен шаарынын 20 жылдыгына карата мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин арасында спартакиада өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, волейбол боюнча мелдеште 1-орунду шаардык бала бакчанын курама командасы, 2-орунду Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин жамааты, 3-орунду С.Айтматов атындагы орто мектебинин, 4-орунду А.Имаров атындагы орто мектебинин мугалимдери ээледи. Футбол боюнча таймашта 1-орунду «Бай түшүм» командасы, 2-орунду Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн командасы, 3-орунду шаардык ички иштер башкармалыгы, 4-орунду «Өрт өчүргүчтөр» командасы багындырды.

Байгелер:

- 1-орун — 8000 сом;

- 2-орун — 5000 сом;

- 3-орун — 3000 сом;

- 4-орун — 2000 сом.

Мыкты деп табылган 6 оюнчуга 500 сомдон сыйлык берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×