Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 25.10.2019 10:26

Нарында маданият жана ЖМК кызматкерлеринин арасында спартакиада башталды

Turmush -  Нарын шаарында маданият тармагында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгектенген кызматкерлердин арасында спартакиада башталды. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучусу Жолдошбек Абыкеев билдирди.

Командалар спорттун беш түрү: волейбол, шахмат, теннис, кичи футбол, аркан тартыш боюнча ат салышат. Мелдеш маданият жана ЖМК кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата уюштурулду.

Учурда облуста 500гө жакын маданият жана маалымат каражаттарынын кызматкерлери эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×