Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 25.10.2019 09:56

Кыргыз милициясына 95 жыл: Ошто спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Ош шаарында кыргыз милициясынын 95 жылдыгына арналган спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

22-23-24-октябрь күндөрү Ош ОИИБ тарабынан кичи футбол, волейбол, шахмат, теннис жана 3 миң метр аралыкка чуркоо боюнча спорттук мелдештер өткөрүлдү. Ага жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Жеңүүчүлөргө Ош ОИИБдин 1-2-3-даражадагы дипломдору, кубок, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Мелдештерге жалпысынан 300дөн ашуун адам катышкан. Кичи футбол жана волейбол боюнча мелдештерде жалпы 14 команда ат салышты.

Кичи футбол боюнча мелдеште 1-орунга Ош ОИИБдин командасы, 2-орунга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын командасы, 3-орунга Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы «Шумкар» батальонунун командасы ээ болду.

Ал эми волейбол боюнча 1-орунду Ош ОИИБдин экинчи курама командасы, 2-орунду Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курама командасы, 3-орунду Ош ОИИБдин биринчи командасы ээлешти.

Ардагерлер арасында шахмат боюнча өткөрүлгөн мелдеште 1-орунду Талипов Дамир, 2-орунду Жумабаев Макен, 3-орунду Сүйүнбаев Алишер ээледи.

Теннис боюнча 1-орунга Тажиев Урайым, 2-орунга Кадыров Абдукарим, 3-орунга Алыбеков Авазбек татыды.

24-октябрь күнү Ош ОИИБдин имаратынын алдында 3000 метр аралыкка чуркоо боюнча мелдеш старт алган. Жөө күлүктөр Ленин, Тилеке баатыр көчөлөрү аркылуу кайра Ош ОИИБдин имаратына чейин чуркап келишти. Жыйынтыгында 1-орунду ОшТУнун студенти Сулайман уулу Жусуп, 2-орунду ОшМУнун студенти Кадыров Элдияр, 3-орунду Ош шаарындагы Барпы орто мектебинин мугалими Аматов Абибилла ээледи.

Ал эми аялдар арасында 1-орунга ОшМУнун студенти Жамшитбекова Алымкан, 2-орунга ОшМУнун студенти Кыпчакова Азиза, 3-орунга Эргашева Айжамал татыды. 60 жаштан жогору курактагылар арасында Эргешев Маматемин, Бекташов Боронбай сыйланышты.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды Ош ОИИБдин башчысы Малик Нурдинов тапшырды. Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына арналган мелдеш, сынактар 1-ноябрга чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×