Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Ош облусуАлай району 24.10.2019 18:02

Алайдын кичинекей таэквондочулары республикалык турнирде 3-орунду алды

Turmush -  Таэквондо боюнча республикалык мелдеште Алайдын спортчулары 3-орунду камсыз кылышты. Бул тууралуу машыктыруучусу Адилет Арстанбек уулу билдирди.

Анын айтымында, мелдеш 20-октябрь күнү Бишкек шаарында өткөн.

«Алай райондук балдардын чыгармачылык борборунун таэквондо ийриминдеги 5 жаш спортчу катышып келди. Мелдешке бардык облустардан 6 жаштан 9 жашка чейинки жаш спортчулар катышты. Командалык эсепте Алайдан барган жаш спортчулар 3-орунду камсыз кылды», - деди А.Арстанбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×