Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 24.10.2019 17:47

Айыл турмушу: Ч.Жакыпова бала кезиндеги кыялына жеткенине сүйүнөт

Turmush -  23 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип келе жаткан Чынара Жакыпова бала кезиндеги кыялына жеткенин аймактык кабарчыга айтып берди.

Чынара Жакыпова 1974-жылы 30-мартта Нарын шаарында туулган. Кычан Жакыпов атындагы орто мектебин 1991-жылы бүтүп, 1994-жылы Нарын медициналык окуу жайда билим алып баштаган. Ал жактан эмчи айым кесибин алып чыккан. Учурда Нарын облустук кан борборунда дарыгер-лаборант болуп эмгектенет. Жумуштан сырткары гүл өстүрүп, түймө түйүп, кийиз жасайт.

«Эмгек жолумду 1996-жылы Нарын облустук ооруканасынын балдар бөлүмүндө баштадым. Ал жерде медайым болуп 2000-жылга чейин иштедим. Андан соң Нарын облустук санитардык эпидемиологиялык борборунда жардамчы эпидемиолог болуп 2 жыл иштедим. 2006-жылы Нарын облустук кан борборуна медайым болуп ишке кирдим. 2008-жылы Нарын мамлекеттик университетинин биология факультетин бүтүрдүм. Ошондо жамаат дарыгер-лаборанттык орунду сунушташкан. Дипломдун негизинде дарыгер-лаборант болуп эмгектенип келе жатам.

Бала кезимде эле дарыгер болгум келчү. Ал кезде темир ийнелер бар болчу. Куурчактарга ийне сайып, дарылап, укалоо жасачумун. Кыялыма жеттим деп ойлойм», - деди ал.

Чынара үй-бүлөлүү, 3 баласы бар. Алардын экөө студент, бирөө окуучу.

«Кан борборунда кан запастарын толуктап, бейтап муктаж болгон канды таап, алардын анализдерин чыгарып, таза канды бейтаптарга куюп беребиз. Түнкүсүн дагы эмгектенебиз.

Кандын запастарын толуктоо боюнча көйгөй бар. Себеби, донорлор аз. Аларды да иргеп алышыбыз керек. Кээ бирөө туугандары үчүн бекер кан берет. Айрымдары канын баалап сатат. Азыр заманбап реактивдер тендер аркылуу келип жатат. Кандын тобун 3 мүнөттүн ичинде аныктап чыгарабыз. Кандын андан аркы татаал анализдерин 1 күндүн ичинде чыгарып беребиз», - деди ал.

Кан донору

Мээрим нурун көкүрөктөн төгүшкөн,
Кан донору канын элге бөлүшкөн.
Тамчы каны сактап бейтап өмүрүн,
Айыктырып толкундатат өмүрүн.

Канын берүү ыйык донор милдети,
Тамчы каны жоёт, оору, илдетти.
Донор болуу — бул өмүрдүн жарчысы,
Мүрөк суудай анын кан тамчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×