Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Ош облусу, Ош 24.10.2019 09:07 На русском

Алымбек датка уулу Карыбекти кантип асырап алган?

Turmush -  Алымбек датканын 220 жылдык мааракесине карата Turmush басылмасынын кабарчылары анын урпактары тууралуу маалыматтарды чогултууга аракет жасашты.

Курманжан датка менен Алымбек датканын багып алган эң улуу баласы Карыбек тууралуу анын чөбөрөсү Патийла Жусуева айтып берди.

«Карыбек Алымбек датканын бир тууган карындашынын баласы болгон. Аны багып алганга чейин Алымбек датка менен Курманжан датка 5 жыл балалуу болбой жүрүшкөн. Кийин Карыбек төрөлүп, Курманжан датка бешикке бөлөп жатканда экөөнүн ортосуна асан-үсөн (радуга) түшкөн. Ага чейин дагы бир нече жолу аян келген. Ошол убакта Алымбек датка сапарда жүргөн болот. Аны Курманжан датка энебиз чакырттырып, карындашынан Карыбекти сураттырат. Атайын ырым кылып, ушунун артынан биз дагы балалуу болуп каларбыз деп үмүт кылат. Алымбек датканын карындашы менен күйөө баласы ага макул болушат. Алымбек датка күйөө баласына күмүштөн жасалган токулуу ат, үстүндөгү боз үйүн берип, Карыбекти алып кетишет», - деди ал.

Патийла Жусуеванын айтымында, ошол убакта Курманжан датканын эмчегинен сүт чыгып, Карыбекти 1 жашка чейин эмизип чоңойткон.

«Карыбек 1 жашка келгенде Курманжан датка Абдылдабекти төрөйт. Карыбек кичинесинен эле өжөр, акылдуу болуп чоңоёт. Аны бакма баласың дегендерди Алымбек датка камчы менен уруп кетчү экен. Карыбекти ушунчалык жакшы көргөндүктөн Алымбек датка каякка барса ээрчитип алган. 4 жашында Түркияга ээрчитип барып, ал жактан Карыбек аз эле күндө түрк тилин өздөштүрүп алат. Кытай тилин 4-5 айда үйрөнүп, Казань университетинде 5 жылдык курсту 1 жылда өздөштүрүп койгон», - деди П.Жусуева.

Алымбек датка менен Курманжан датка Карыбектен кийин 5 уул, 2 кыздуу болушат. Алымбек датканын биринчи аялынан 1 уулу болгон. Кийин Курманжан датка «Кокондо жүрсөңүз, сиздин кийимдериңизди жууп жүрсүн» деп үчүнчү аял алып берет. Андан дагы 1 уулдуу болот. Алымбек датка 10 баланы тарбиялап өстүргөн.

«Карыбек Ормон хандын небере кызына үйлөнүп, 2 уулдуу болот. Биринчи уулу тез эле каза болот. Экинчи уулу Жамшитбек өтө билимдүү болуп, 6 тилде эркин сүйлөгөн. Курманжан датка энебиз башка жакка барганда ошол Жамшитбекти котормочу катары алып жүргөн. Жамшитбек түштүккө билим системасын түзүп, басмачыларды басканы үчүн Сталиндин колунан аты жазылган алтын кылычты белекке алган», - деди Патийла Жусуева.

Карыбектин уулу Жамшитбек, Жамшитбектин кызы Түкүн болгон. Түкүндүн кызы Патийла Жусуева. Ал Ош шаарындагы Алымбек датка оргумасына боз үй тигип, Алымбек датка менен Курманжан датканы даңазалап келет. Патийла Жусуева учурда 74 жашта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×