Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 23.10.2019 17:55

Сумочу А.Касмамбетов дүйнөлүк чемпионатта коло медаль тагынды. Сүрөт

Turmush -  Кыргызстандык спортчу Айбек Касмамбетов 13-14-октябрь күндөрү Япониянын Осака шаарында өткөн сумо күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды.

Маалым болгондой, А.Касмамбетов 115 кг салмактык категориядагы сумочулар менен күрөшүп, 3 атаандашын жеңген. Биринчи айлампада германиялык балбанды, экинчиде былтыр дүйнө чемпиону болгон моңголиялык балбанды, ошондой эле грузиялык спортчуну жеңип, 3-орунду камсыздады.

28 жаштагы Айбек Касмамбетов 10 жыл мурда Балыкчы шаарындагы спорт мектебинде Мелис Апыловдун кол алдында эркин күрөш боюнча машыгуусун баштаган. Учурда эркин күрөш боюнча спорттун чебери, ошондой эле сумонун эл аралык даражадагы чебери.

Жеңиш менен кайткан балбанды мэр Марат Кудайбергенов, вице-мэр Алишер Табалдиев, жаштар иштери, дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы К.Давлетов жана спортчунун күйөрмандары тосуп алышты. Ага улай мэрияда өспүрүмдөр, жаштар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге баарлашуу болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×