Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Талас облусуТалас району 23.10.2019 16:23

Айыл турмушу: Таластык Г.Темиралиева 13 жылдан бери малина сатып ишкерлик кылууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кара-Суу айылынын 60 жаштагы тургуну Гүлайша Темиралиева малинанын коңгуроо деп аталган сортун өстүрүп, жылына 200 миң сомдон ашык киреше табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, малинаны 13 жылдан бери өстүрүп жатат. Кесиби боюнча башталгыч класстардын мугалими.

«Кесибим менен көп иштеген жокмун. Кайын энем кайтыш болуп, кайын атамды карадым. Балдарым дагы жаш болуп, багбанчылыкка өтүп, үй тиричилик менен алек болуп кеттим. Ал кезде жолдошум Манас айылында башкарма болуп иштеп калды. Жашымда балдарым менен төркүнүмө конок болуп барып, малина терип жеп калчубуз. Ошондо апам «көчөтүн алып барып тигип койсоң, түшүм берип калганда силерди багат» дегенинен алып келип тиккем. Жакшы сорт болгондуктан бапестеп карайм.

Малина ангина, жөтөл, кан басым ооруларын дарылоого пайдасы чоң. Ошентип жерди дагы кеңейттим. Түбүнөн чыккан ашыкча бутактарын кесем. Антпесе малина жапайы болуп калат. Арасын тазалап, аларды жүдөткөн чөптөрдү өстүрбөй карап турсак берекелүү түшүмүн берет. Түшүм июль айынан баштап алына баштайт. Августта массалык түрдө бышат. Ал кезде балдар тергенге жардам беришет. Акысына малина алып кетишет. Кар жаап, үшүк түшкөнчө түшүмүн берет.

Кардарларым көп. Таластын өзүнөн кардарлар келишет. Бир тергенде 30-40 кг жыйналат. Ортомчу сатуучулар менден алып, кайра Казакстанга жөнөтүшөт. Баасы өйдө-ылдый болот. Бирок 100 сомдон түшпөйт. Бир сезондо 200 миң сомдон ашык киреше табам», - деди ал.

Дыйкан айым чарбагында малинадан тышкары кулпунай дагы өстүрөт. Үй-бүлөдө 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×