Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 23.10.2019 21:19 На русском

Айыл турмушу: Кадамжайлык С.Шамуратов 7 сотых күнөсканада лимон өстүрүп сатууда (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айылынын 71 жаштагы тургуну Соорбай Шамуратов 5 жылдан бери 7 сотых жерге курган күнөсканада лимон өстүрүп, түшүмүн сатууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, көп жыл дыйканчылык менен алектенген. Акыркы жылдары лимон өстүрүү кирешелүү тармак экенин сезип, лимон өстүрө баштаган. Учурда 7 сотых жеринде 5 жылдык 57 түп лимон көчөтү бар.

«Күнөскананын жалпы аянты 10 сотых. Анын 7 сотых жерине лимон көчөттөрүн, 3 сотых жерге мандариндин көчөттөрүн өстүрөм. Буюрса жакынкы жылдары мандариндин да түшүмүн ала баштайбыз. 2 жылдан бери лимондон түшүм ала баштадык. Биринчи жылы 300 кг, экинчи жылы 1 тонна түшүм алдык. Быйылкы түшүмү 2 тоннадан ашат деген пландар бар. Быйылкы түшүмдөн 400 кг терип, Бишкек шаарына жөнөттүк. 1 кг лимонду 80 сомдон 100 сомго чейин сатып жатабыз.

Лимон менен мандариндин көчөттөрүн да сатам. Көчөттөр 1-2-3 жылдык болуп сатылат. Баасы 200 сомдон 500 сомго чейин. Мандариндер 700 сомдон 1000 сомго чейин сатылат. Башкалар деле көчөт кылып өстүрүп сатат. Бирок көпчүлүгүнүн көчөттөрү көп жылдык болсо да мөмө бербей коёт. Себеби алар көчөттү данек аркылуу өстүргөн. Мен данектен көчөт чыгарып, аны чырпык байлап улайм. Башкалардын күнөсканасына караганда биздин күнөскананын айырмачылыгы — кымбат жабуулар менен жабабыз. Ал күндүн нурун жакшы өткөрүп, суукту киргизбей, жылуулукту жакшы кармап турат. Аны атайын Москвадан алып келишет», - деди ал.

Негизги көйгөйлөрдүн бири — түшүмдү сатуу кыйынчылыгы. Базарга алып чыкса алуучулар аз.

«Лимондун дарылык касиети күч. Айылдаштарым 10-20 кг сатып алып, аны эт туурагычтан өткөрүп, ага 10 кг шекерди аралаштырып, чакаларга салып, муздак жана караңгы жерге сактап коюп жатышат. Аны кышы менен бир кашыктан чайына кошуп ичип, үй-бүлөсүн сасык тумоодон сакташат. Ал колдо жасалган дары», - деди Соорбай багбан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×