Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 23.10.2019 14:03

Видео — Соцтармакта популярдуу болгон «өзгөчө» Элнардын өнөрү

Turmush -  «Суунун боюнда» ыры менен социалдык тармактарда популярдуу болуп жаткан Элнар Шарипов тууралуу анын апасы Шайым Сейнелова айтып берди.

Анын айтымында, Элнар 2004-жылы Балыкчы шаарында төрөлгөн. Учурда №4 гимназияда 8-класста окуйт.

«Кичинекейинде эле бийге шыктуу болчу, 7 жашында Атай Өмүрзаковду туурап бийлеп баштаган. Балыкчы шаарынын билим берүү борборунун директору Махабат Бейшеевнанын колдоосу менен Ч.Айтматовдун «Ак кеме» повестиндеги Нургазынын ырын аткарып, көпчүлүккө таанылды. Андан кийин Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган республикалык сынакта 1-орунду алган. Ырдаганына 2 жыл болуп калды. Биз тойлорго алып барганда ырларын аткарып берет. Чакыруулар болгондо Бишкек, Чолпон-Ата шаарларына барып турат.

Атасынын аты Дайыр болгондуктан, ушул ысым менен чыккысы келди. Учурда «Суунун боюнда» аттуу ырды аткарган видеосу социалдык тармактарга тарап, аны колдогондор көбөйдү. Бул ыр Самат Амановго таандык. Аны казак ырчысы Ахан Отыншиев ырдайт. Учурда 4 ырды аткарып жүрөт, дагы жаңы ырларды жаздырабыз», - дейт апасы.

Анын айтымында, Элнардын дагы бир өзгөчөлүгү бар.

«Мектепте кыргыз тил жана адабият сабактарын жакшы көрөт. Келечекте ырчы, актёр болууну самайт. Бош убактысында футбол ойнойт. Чыгармачылык жаатында көптөгөн пландарыбыз бар. 9-классты бүткөндөн кийин музыкалык окуу жайга барып, музыкалык билимин жогорулатса дейм. Элнардын дагы бир өзгөчөлүгү бар. Анын бою 115 см. 7 жашында бою жай өсүп жатканын байкадык. Дарыгерлер мындай көрүнүш эндокринологиялык оорудан улам болуп жатканын айтышты. Учурда дарыланып жатабыз», - деди Ш.Сейнелова.

Элнар үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×