Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 23.10.2019 12:50 На русском

Аялы жумушка кеткенде өспүрүм кызын зордуктаган өгөй ата кармалды

кара-куль
кара-куль

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну өгөй кызын зордуктоого шектүү делип кармалды. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, 17-октябрда О.Н. аттуу шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылып, анын 2002-жылы туулган кызын экинчи күйөөсү — 1970-жылы туулган Б.О. зордуктаганын билдирген.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине зордуктоо катары каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ыкчам иштердин жүрүшүндө зордуктоого шектүү делип жергиликтүү тургун кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Ал эми жергиликтүү жашоочулардын айтымында, окуя 17-октябрь күнү болгон. О.Н. жумушка кеткенде күйөөсү өгөй кызын зордуктаган. Аялы аны билип калып, милиция кызматкерлерине кайрылган.

Шектүү машыктыруучу болуп эмгектенет. Жабырлануучу кыз 9-классты аяктагандан кийин колледжде окуп жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×