Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 23.10.2019 10:54

Кочкордо салбурунга даярдыктар көрүлүп жатат

Turmush -  Кочкор районунда мамлекеттик, партиялык, саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата салбурун оюнуна даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруу тобунун мүчөлөрү Таалай Осмоналиев, Кубаныбек Молдобаев билдиришти.

«Мамлекеттик, партиялык ишмер Турдакун Усубалиев атабыздын 100 жылдыгы Бишкек шаарында мамлекет тарабынан илимий конференция түрүндө белгиленет экен. Илимий конференциянын уландысы Кочкор районундагы маданият үйүндө өткөрүлмөкчү. Биз атабызга куран окутуу максатында өзүбүз демилге топ түзүп, салбурун оюнун өткөрүүнү максат кылдык.

Демөөрчүлөрдүн, айылдаштардын жардамы менен Жаңы-Жол айылында Т.Усубалиев атабыздын 100 жылдык мааракесине карата салбурун оюнун өткөргөнү жатабыз», - деди Т.Осмоналиев.

Тайганчы Кубанычбек Молдобаев: «Жаңы-Жол айылындагы мүрзөнүн жанындагы талааны оюн өткөрүүгө ылайыктап түздөп жатабыз. Техникаларга күйүүчү майларын куюп берип, өзүбүздүн жана демөөрчүлөрдүн күчү менен оюн таалаасын иретке келтирдик. 26-октябрь күнү жердешибиз, мамлекетти чейрек кылым башкарган Турдакун Усубалиев атабыздын 100 жылдыгынын урматына салбурун өткөрүлөт», - деп билдирди.

27-октябрь күнү Ак-Кыя айыл аймагынын Кара-Суу айылынын жаштары да демилге көтөрүп, улак тартыш боюнча мелдеш өткөрөрүн билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×