Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 23.10.2019 10:26

Ат-Башыда футбол боюнча облустук турнирдин жеңүүчүлөрү сыйланды

Turmush -  Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын Кошой стадионунда өспүрүмдөр арасында футбол оюну боюнча облустук мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучуларынын бири Эльзар Мусаев билдирди.

Ага райондордон келген 7 команда катышып, кубок үчүн ат салышты. Мелдештин максаты — өспүрүмдөрдүн футболго болгон кызыгуусун арттыруу жана ынтымакты бекемдөө болуп саналат. Мелдеш уюшкандыкта өтүп, өспүрүмдөр мыкты даярдыкта экенин делилдөө менен күйөрмандарга кызыктуу оюн көрсөтүштү.

Жыйынтыгында 1-орунду Ат-Башы районунун командасы камсыз кылды. 2-орунду Ак-Талаа, 3-орунду Жумгал районунун командалары ээледи. Ал эми Эрнист уулу Айбек (Нарын) «Мыкты дарбазачы», Каниметов Байэл (Жумгал) «Мыкты жарым коргоочу», Сулайманов Бексултан (Ат-Башы) «Мыкты коргоочу», Дүйшөналиев Нурмамбет (Ат-Башы) «Мыкты оюнчу», Рахатбек уулу Алимардан (Ат-Башы) «Мыкты бомбардир», Абдыков Шагат «Мыкты машыктыруучу» номинациясындагы сыйлыктарга ээ болду.

Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан кубок, медаль, тиешелүү даражадагы дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×