Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 23.10.2019 09:04

Ысык-Көлдө 4 жылкыны жеп кеткенден кийин 2 карышкыр атылды. Сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 2 карышкыр атылды. Бул тууралуу жергиликтүү мергенчилер билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Мергенчилердин айтымында, 3 күндүн ичинде карышкырлар 4 жылкыны жеп кеткен. Мындан улам Төрт-Күл, Эшперов, Бөкөнбаев, Туура-Суу айылдарынан мергенчилер чогулуп, ашууда 10 карышкыр үйүрү менен жүргөнүн аныкташкан. Алар карышкырларды курчоого алып, экөөнү атышкан. Аларды айыл тургуну Канат Эшперов аткан.

Тургундар мал-жандыкка кол салып жаткан карышкырларга дагы аңчылык кылышарын айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×