Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Ош облусу, Ош 22.10.2019 17:26 На русском

Самара Каримова эртең Кремлде концерт берет

Turmush -  Самара Каримова Орто Азияда жаңы сценарий боюнча концерт коюп жүрөт. Бир нече ай мурун Өзбекстан өлкөсүнүн борбору Ташкент шаарында дүңгүрөтө концерт берген ырчы бул жолу Москвадагы Кремлдин концерттик чоң залында чоң программадагы концерт тартуулайт. Концертте акыркы үлгүдөгү техникалардын жардамы менен көрүүчүлөргө шоу тартууланып, Самара италиялык ырчы айым Ин-Грид (Ингрид Альберини) менен дуэт ырдамакчы.

- Саламатсызбы, Самара айым. Мындан бир нече ай мурун сиз менен Ташкент шаарында боло турган концертиңиз боюнча маектештик эле. Ошол убакта «Орто Азияны түрө кыдырып концерт коюп, Москвада да чоң программада концерт тартуулайм» деген элеңиз. Мына эми эртең концерт койгону турасыз. Бул идея качан жаралып калды?

- Саламатсыздарбы. Ооба, андагы маек эсимде. Россиянын борбор калаасы Москва шаарында концерт коюу идеясы жакында эле жаралып калды десем жалган айткан болом. Деги эле чоң өлкөлөрдүн концерттик залында концерт коюу менин бала кездеги кыялдарымдын бири десем жаңылышпайм. Кичинемден эле ушул Москва калаасында концерт койсом экен деп ойлочумун. Кудай буйруп, ошол кыялдарым орундалып отурат. Албетте, Кремлдеги мамлекеттик концерт коюучу зал ар кимге эле бериле бербейт экен. Жада калса жергиликтүү ырчылар да анда концерт өткөрө алышпайт экен. Ошондуктан бул залды алуу бир аз кыйынчылыктарды жаратты. Бирок бизге берилгени үчүн залдын жетекчилигине ыраазычылыгымды билдирем.

- Өзбекстандагы концертиңиздин сценарийин өзбек артисти Мирзо Азизов даярдаган эле. Бул жолку концертиңиздин сценарийин ким даярдады?

- Абдан туура суроо болду. Ооба, анда Мирзо Азизов даярдаган. Анткени бул киши Өзбекстанда таанымал инсан. Өзбек киномотографиясына да тоодой эмгеги сиңген. Эң ириде тажрыйбалуу, бул сыяктуу концерттердин далайын өткөргөн, сценарийин жазган маданият адамы болуп саналат. Ошондуктан Москвадагы концертимдин сценарийин дагы ошол киши даярдады. Бул киши менен өзбек-кыргыз чек аралары ачылып, маданият адамдары өз ара карым-катнаш жасагандан бери таанышпыз. Ушул себептерден улам бул кишинин жасаган иштери мага жагып калды. Ошол убактан бери иштешип келе жатабыз.

- Эртеңки концертиңиз муруңкулардан эмнеси менен айырмаланат?

- Айырмачылыгы өтө чоң. Анткени мен ар кандай коомчулукка концерт койгону жатам. Москвада Орто Азиядагы мамлекеттерден келген жарандар иштейт. Албетте, орус эли да бар. Мына ушундай критерийлерден улам концертке бир катар өзгөчөлүктөрдү киргиздик. Биринчиден, мен италиялык ырчы айым, коомчулукка Ин-Грид ысымы менен таанымал Ингрид Альберини менен дуэт ырдайм. Ал ырчы айым экөөбүз француз жана итальян тилиндеги ырларды аткарабыз. Ошондой эле концертимде көп тилдеги ырларды ырдайм. Концертке келген көрүүчүлөрдү акыркы үлгүдөгү техникалар менен көрсөтүлүүчү шоу күтүп жатат. Эң негизгиси концертти көп тил билген белгилүү шоумен жана алып баруучу Вячеслав Мантусов алып барат.

- Кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүнүн айтымында, Кыргызстандагы концерт эч качан өзүн-өзү актаган эмес. Анан калса сиз Орусиядагы эң атактуу концерттик залда концерт коюп жатасыз. Мунун чыгымын ким каржылайт?

-Ооба, туура айтасыз. Концерт коюунун өзүнө жараша түйшүгү бар. Кыргызстанда концерт коюуда пайда тапкан учур болбойт. Концерт элге мыкты маанай тартуулоо үчүн, калктын жан дүйнөсүн ырга толтуруу үчүн коюлат. Москвадагы концертиме жолдошум жана демөөрчүлөр чоң колдоо көрсөтүп жатышат.

- Концертиңизди жогорку деңгээлде өткөрүп алыңыз.

- Чоң рахмат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×