Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 22.10.2019 16:02

Сокулуктун 7 спортчусу Таластагы эр таймашта алтын тагынышты

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаӊы-Пахта айылындагы спорт залда машыккан жети спортчу Талас шаарында өткөн «Улуттук эр таймаш» аталышындагы ачык чемпионатка катышып, баары теӊ жеңиш менен келишти. Бул тууралуу алардын машыктыруучусу Бобиржан Жиенбаев билдирди.

Чемпионат 18-20-октябрь күндөрү Талас шаарында өткөн. Аны Талас шаарынын бийлиги уюштурду. Турнир өспүрүмдөр, жаштар, чоӊдор арасында өткөрүлүп, жеӊүүчүлөр кубок, медалдар менен сыйланышты.

«Биздин айылдан 5 бала жана 2 кыз барган. Жалпы жети спортчу барып, сегиз кубоктун ээси болдук. Тактап айтканда, 8 жолу 1-орунду алдык. Ал эми Махмудова Барчынай 2 башка салмакта (57 кг жана 61 кг) мушташып, экөөндө теӊ жеӊип алды», - деди ал.

Жаӊы-Жерден барып, чемпион болгон спортчулар:

- Барчынай Махмудова, 57 кг жана 61 кг;

- Сумая Газыбекова 40 кг;

- Эркинбек Исраилов 61 кг;

- Султан Эсенкадыров 48 кг;

- Ибрагим Искандаров 30 кг;

- Давлад Исаев 35 кг салмакта күч сынашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×