Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 22.10.2019 15:42

Токмоктук жаш футболчуларга мэриядан 45 миӊ сом бөлүндү

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаардык мэриясынан токмоктук жаш футболчуларга 45 000 сом бөлүнүп берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Азыркы тапта Бишкектин футболдук лигасы өтүүдө. Ага катышуу үчүн токмоктук жаш футболчулар жардам сурап, мэр Данияр Амангелдиевге өтүнүч кат жолдошкон. Мэрдин резервдик фондунан футболчуларга 45 000 сом бөлүнүп берилген. Айтылган суммага команда мүчөлөрү бирдиктүү форма тиктирип жана оюнга катышуу үчүн командалык мүчөлүк акыны беришкен.

«Көрсөтүлгөн колдоого жооп жана ыраазычылык катары футболчулар биринчиликти утуп келгенин жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнөн кабарлашты. Алардын айтуусу боюнча, алдыда дагы бир топ кызыктуу оюндар күтүп турат», - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарында 12-13-октябрь күндөрү жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп, ага республиканын ар кайсы региондорунан жана ири шаарларынан жүздөн ашуун спортчулар катышты. Алардын арасында Токмок шаарынан барган спортчулар дагы ийгиликке жетишти.

100 метр аралыкка чуркоодо 2-орунду Е.Павленко камсыз кылган. Ал эми, бийиктикке секирүүдө 175 сантиметр көрсөткүчү менен Э.Барабанов 3-орунду ээлесе, кыздар арасында 135 сантиметр бийиктикке секирүүдө Д.Дацковская 2-орунду камсыз кыла алган. Аталган турнир «Чылымсыз спорт» урааны астында өткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×