Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Ош облусу, Ош 22.10.2019 12:55 Жаңыланды: 22.10.2019 18:36 На русском

Кызганыч же зордуктоо аракети?: 32 жаштагы кыз менен андан кичүү инспектордун окуясы

город ош
город ош

Turmush -  Ош ШИИБдин кайгуул көзөмөл кызмат батальонунун туристтик милиция взводунун инспектору А.Ж. 32 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп айыпталууда. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, Ош шаарынын 32 жаштагы тургуну И.А. Ош ШИИБдин башчысынын атына арыз менен кайрылып, А.Ж. өз унаасында зордуктоого аракет кылганын айткан. Окуя 16-октябрь күнү саат 16:30 чамасында Ош шаарындагы кинотеатрлардын биринин жанында болгон. А.Ж. күч колдонуп зордуктоого аракет кылган учурда И.А. өзүн жаман сезе баштаган. Ошондо А.Ж. аталган тургунду тез жардам кызматына алып барган.

Бул маалыматты Ош ШИИБ тастыктады. Маалыматка караганда, зордуктоого шектелген туристтик милициянын кызматкери жабырлануучу И.А. жалган көрсөтмө бергенин айткан.

«2019-жылдын 17-октябрь күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ош шаарынын 1987-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Арызда ал 16-октябрь күнү саат 16:30 чамасында Ленин көчөсүндөгү “Нур” кинотеатрынын жанында Ош шаарынын 1992-жылы туулган тургуну А.Ж. аттуу жаран өз унаасынын ичинде күч колдонуп зордуктоого аракет жасаганын, ошол маалда И.А. эс-учун жоготуп баштаган учурда А.Ж.тарабынан тез жардам кызматына жеткирилгенин билдирген.

Бул факт Жазык кодексинин 38-161-беренелеринин 1-бөлүмү менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүн иши башталган. Жабырлануучу И.А. суракка алынып, денесиндеги жаракаттын деңгээлин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ал эми күбө катары суралган Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын туристтик взводунун инспектору көрсөтмөсүндө, аталган кыз менен 2019-жылдын сентябрь айынан баштап тааныш болуп, аны менен достук мамиледе жүргөнүн, И.А. А.Ж.нын башка сүйлөшкөн кызы бар экенин билип калып, ошондон улам жалган көрсөтмө бергенин жана аны зордуктабаганын билдирген», - деди Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов.

Учурда бул окуя боюнча укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жана ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×