Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 21.10.2019 17:36

Ак-талаалык сумоист дүйнөлүк чемпионатта коло тагынды

Turmush -  Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын спортчусу Айбек Касманбетов спорттун сумо түрү боюнча дүйнөлүк чемпионатта медаль утканын анын досу Үсөн уулу Нурсултан аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 13-14-октябрь күндөрү Япония өлкөсүнүн Осака шаарында өткөн сумо боюнча дүйнөлүк чемпионатта 115 килограмм салмактагылар арасында күч сынашкан 27 жаштагы А.Касманбетов 3-орунду багындырып, коло медаль менен кайтты.

«Спорттун сумо түрү боюнча дүйнө чемпионатында буга чейин эч ким орунга илинип, медаль албаптыр. Айбектин утуп келген коло медалын Кыргызстандын тарыхында алгачкы медаль деп эсептесек болот. Японияда өткөн мелдешке Кыргызстандан көп эле сумоисттер барган. Бирок арасынан жалгыз Айбек досум медаль утуп келди. Ал буга чейин спорттун эркин күрөш түрү боюнча машыгып, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. 2012-жылдан бери спорттун сумо түрүнө кызыгып, сумо менен машыгып келе жатат», - деди Үсөн уулу Нурсултан.

Айбек Касманбетов 1992-жылы Коңорчок айылында туулган. Айылдагы Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебинде билим алган. Андан соң Бишкектеги спорт интернатурасында окуган. Бойдок. Учурда Бишкек шаарында жашап, сумо менен машыгууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×