Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Талас облусу, Талас 21.10.2019 17:07

Таласта күч түзүмдөрүнүн арасында спартакиада өттү

Turmush -  19-октябрда Талас шаарында милициянын 95 жылдыгына карата күч түзүмдөрүнүн арасында спартакиада өттү. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдештерге УКМКнын, Талас ОИИБдин прокуратурасынын, соттун кызматкерлеринен түзүлгөн 16 команда катышты. Алар аркан тартыш, гиря көтөрүү, чуркоо, футбол боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында 1-орунду Талас ОИИБдин атайын багыттагы полку алды. 2-орунду милициянын күзөт бөлүмү, 3-орунду ӨКМдин командасы ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×