Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 20.10.2019 21:21

27 жаштагы Б.Болотакунов Нарындагы спорт мектептин директору болуп дайындалды

Бакытбек Болотакунов
Бакытбек Болотакунов

Turmush -  Болотакунов Бакытбек Кубанычбекович Нарын шаардык уландар жана балдар спорт мектебинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мектептин эмгек жамааты билдирди.

Б.Болотакунов 1992-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. 2010-жылы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепти бүтүргөн. Нарын мамлекеттик университетинен дене тарбия адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон.

2012-2019-жылдары аталган спорт мектепте баскетбол боюнча машыктыруучу болуп иштеген. 2019-жылдын октябрь айында сынактык негизде Нарын шаардык балдар жана уландар спорт мектебинин директору кызматына дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×