Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Ош облусу, Ош 20.10.2019 10:27

Ошто грэпплинг боюнча шаардык чемпионат башталды

Turmush -  Кечээ, 19-октябрда грэпплинг боюнча Ош шаарынын чемпионаты башталды. Бул тууралуу грэпплинг федерациясынын катчысы Сейтек Толтоев билдирди.

Анын айтымында, чемпионатка жалпы 300дөй спортчу жигиттер жана кыз-келиндер катышып жатат. Алдыда мындай ачык турнирлерди өлкөнүн 7 дубанында өткөрүү планы бар.

Мелдештин башкы калысы Алексей Тихоглазов мелдешке шаардагы 300гө чукул спортчунун катышуусу жакшы жышаан экендигин белгиледи.

«Мени күчтүү балбандардын көптүгү кубантты. Менин жеке баамымды грэпплинг федерациясынын аракети күч. Ага жакында эле Казакстанда өткөн дүйнө чемпионатындагы ийгиликтер мисал. Баса белгилеп кетчү нерсе, айымдар арасындагы күрөш бүйүр кызытты. Анткени башкысы катышуу эмес, жеңүүчү болугусу келгенин килем үстүндө далилдеп жатышат», - деди Тихоглазов.

Мелдеш кадеттер, өспүрүмдөр, жаштар, ардагерлер, спорт чеберлеринин арасында өтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×