Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 19.10.2019 12:36

Өзбекстанда өткөн мелдеште караколдук балбандар алдыңкы орундарды ээледи

Turmush -  10-13-октябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн самбо боюнча дүйнөлүк мелдеште караколдук 2 балбан 3-орунга ээ болду. Бул тууралуу машыктыруучу Кулумбек Эстебесов кабарлады.

Анын айтымында, 40тан ашык мамлекеттин спортчулары катышкан мелдешке Кыргызстандан 20 спортчу барган. Алардын ичинен караколдук Жусуп Шакиров менен Алай Сартов 3-орунга ээ болуп келди. Алар самбо менен 3-класстан бери машыгып келет.

Балбандар алдыда Түштүк Кореяда өтүүчү мелдешке даярданып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×