Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 18.10.2019 18:26 На русском

Сириядагы согушка катышып келген Жалал-Абаддын тургуну кармалды

Turmush -  Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан Жалал-Абад шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Шаар тургуну бүгүн, 18-октябрда ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын жана УКМКнын облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде колго түшүрүлгөн.

«Жалал-Абад шаарынын 1994-жылы туулган А.Д. аттуу тургуну 2014-жылы кышында Сирия мамлекетинде болуп жаткан согуштук аракеттерге катышууга Түркиянын чек арасы аркылуу кеткени аныкталган. Ал кайра Кыргызстанга кайтып келип, Жалал-Абад шаарынын аймагында жашынып жашап жүргөн. ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматында каттоодо турган», - деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча топтолгон материал каттоого алынып, УКМКга өткөрүлүп берилди.

WhatsApp Image 2019-10-18 at 18.09.52

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×