Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 17.10.2019 19:08 На русском

Аксыдагы биринин артынан бири асынып алган өспүрүм кыз-жигиттин өлүмү

Turmush -  Аксы районунда эки өспүрүм асынып каза болушту.

Аксы райондук ички иштер бөлүмүнө 9-октябрда болжол менен саат 21:40 чамасында 2004-жылы туулган баланын өзүнүн үйүндөгү мал сарайда асынып алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, маркумга сыртынан кароо жүргүзүп, денеден эч кандай уруп-сабоонун белгилерин табышкан эмес. Териштирүү учурунда мектептеги мугалими колундагы уюлдук телефонун алып, «ата-энеңди чакырып кел. Эмне үчүн сабак учурунда телефон колдонуп жатасың?» деп түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү, маркум жанындагы дос баласына «көйгөйлөр көбөйүп кетти. Өлүп алат окшойм. Семичкеңден берчи, акыркы жолу чагып алайын» деп айтканы, ошол күнү болжол менен саат 14:00 чамасында сабактан келген соң асынып алганы маалым болгон.

Бул факты тууралуу топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине өзүн-өзү асып алуу беренеси боюнча катталган. Ал эми каза болгон баланын ата-энеси жана туугандары эч кимге доосу жок экенин билдирип, арыз жазуудан жана баланы соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.

Эки күндөн кийин, тактап айтканда 11-октябрда саат 19:30 чамасында Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Таш-Көмүр шаарынын 2004-жылы туулган тургуну Д.А. аттуу өспүрүм кыздын өзүнүн мал сарайында асынып алгандыгы тууралуу кабар келген. Бул факты боюнча ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, каза болгон кыздын жанынан кат табышкан. Анда: «Апа кечириңиз, мен баланын артынан кеттим» деп жазылган. Кийинчерээк каза болгон өспүрүмдөр кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндүгү белгилүү болду.

«Бул фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иштер токтотулган. Анткени эки тарап тең эч кимге арызданышкан эмес», -деп билдирди облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×