Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 15.10.2019 13:14

Кара-Кулжада акимдин орун басарлары алмашты

Кара-Кулжа
Кара-Кулжа

Turmush -  Кара-Кулжа районунда акимдин орун басарлары алмашты. Бул тууралуу Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районунун акиминин биринчи орун басары болуп Бурканбек Айсаев дайындалган. Ал акимдин орун басары болуп июнь айынан бери иш алып барууда. Буга чейин Айсаев Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.

Ал эми акимдин экинчи орун басары болуп Муса Көкоев дайындалып, август айынан бери иш жүргүзүүдө. Ал буга чейин Кара-Кулжа райондук агро департаментинин башчысы болуп иштеп турган.

Мурун бул кызматтарда Бекболот Мажитов менен Канполот Тутуев иштеп жатышкан. Биринчи орун басар Мажитов пенсияга чыкса, экинчи орун басар Тутуев өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн уюштуруу бөлүмүнө которулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×