Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 14.10.2019 15:40 На русском

Күндүн видеосу: Ак-Талаада жарым сааттай кармашкан кандек менен кашкулак

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт айылында кандек менен кашкулак жарым сааттай алышып, акыры кандек жеңип чыкканын иттин ээси Азимжан Кедейкан уулу аймактык кабарчыга билдирди.

13-октябрда А.Кедейкан уулу кой кайтарып жүрүп, көпүрөнүн астына кире качкан кашкулак менен жанында ээрчип жүргөн кандегинин кармашына күбө болгон.

«Кой кайтарып жүргөндө жолдогу кичинекей көпүрөнүн астына бир нерсе кире качкандай болду. Анын артынан арсылдап үрүп, жанымдагы кичинекей кандек кошо кирип кетти. Башында кашкулак экенин деле билген эмесмин. Белгисиз жаныбар менен кандегим жарым сааттай көпүрөнүн астында кармашып жатышты. Бир маалда желкесинен тиштеп, сыртка сүйрөп чыкты. Карасак кашкулак экен. Негизи анча-мынча чоң иттер дагы кашкулакка кол сала албайт. Муну көргөн бир байке "менин килейген 2 итим бир кашкулакты ала албай койгон" деп айтты.

Бул кашкулак чоң экен. Кабылан аттуу кандегим чын эле кабыландай окшойт», - деди А.Кедейкан уулу.

Ал кашкулактын эти көптөгөн ооруларга дары экенин белгилеп өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×