Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Талас облусу, Талас 14.10.2019 14:02

Мекендештер: Түркияда тиш дарыгерликке окуп жаткан Г.Батырбекованын баяны

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 25 жаштагы Гүлайым Батырбекова. Ал Түркиянын Анкара шаарындагы Хаджеттепе университетинин стоматология факультетинде 5 жыл окуп, учурда протездөө бөлүмүндө ординатурасын улантууда. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Талас шаарындагы №3 мектеп-гимназиясында 7-класска чейин окуп, андан кийин кыргыз-түрк лицейинде билим алган. Андан соң 2012-жылы Анкара шаарындагы Хаджеттепе университетинин стоматология факультетине кабыл алынган.

«Бул окуу жайды 2017-жылы бүтүрүп, учурда ушул эле университеттин протездөө бөлүмүндө ординатурада окуп жана иштеп жатам. Окуу дайыма практика менен коштолот. Өзүбүз бейтаптарды дарылайбыз. Көбүнчө оор абалдагы жана рак менен ооруп айыккан бейтаптарды көзөмөлдөйбүз. Бизге үйрөнүшсүн деп оор ыкма менен дарылана турган бейтаптар менен иштетишет. Бизди тажрыйбалуу дарыгерлер көзөмөлдөп турушат», - дейт ал.

Анын айтымында, дарыгерлер иштегенге чейин терең билим алууга умтулушат.

«Билим алуу чоң жоопкерчилик. Бизге көп макалаларды окутушат. Өз алдынча изилдөөлөрдү жасоого аракет кылабыз. Окууну бүтүрүү үчүн бир диссертация жазышыбыз керек. Ал үчүн бир изилдөө жүргүзүп, ошонун жыйынтыгын жазып беришибиз шарт. Ошондой эле 4-5-курстун студенттеринин окууларын карап, сынактардын суроолорун даярдап, кайра өзүбүз текшеребиз. Ар бир айда бейтап кабыл алып, аларды дарылайбыз. Мындан тышкары базар күнү жеке клиникада нөөмөтчү дарыгер болуп иштейм. Мамлекеттик ооруканада кезек күтүүдөн качып, жеке ооруканаларга кайрылгандар көп. Кээде мекендештеримди да жолуктуруп калам», - деди Гүлайым.

Ошондой эле ал эки өлкөнүн окуу жайларындагы айырмачылыкка токтолду.

«Мен Бишкек шаарындагы Кыргыз-орус славян университетинде 1 жума сабак алдым. Университет жакшы болгону менен студенттерге шарт түзүлгөн эмес. Мисалы, студенттер окуу учурунда 1-2-3-имараттарга барып жүрүп, убактысын жолго коротушат экен. Сабактарды кээде күтүп калышат. Тиешелүү китептер жокко эсе. Ал эми Хаджеттепе университетинде студенттерге тиешелүү шарттар түзүлгөн. Лекция өтүлчү залдар, китепкана, ашкана жана практика өтө турган оорукана бир имаратта жайгашкан. Алгач теория өтсөк, 4-5-курста жогорку кабаттагы ооруканада бейтаптарды кабыл алчубуз. Студенттер үчүн тамактар арзан. Бир күндө студенттерге 3 маал тамак берилет. Кыргызстанда деле ушундай шарттарды түзүп коюуга эмнеге болбосун?», - дейт мекендешибиз.

Анын айтымында, алардын окуусу дайыма практика менен коштолот.

«Тиш дарыгери болгондуктан 1-курста эле кадимки дарыгерлердей кийме тиштерди жасап баштадык. 2-курста терапияны, пломба жасаганды үйрөндүк. 3-4-курста ооруканада иштеп баштадык. Университетти ошондо 2 жылдык тажрыйба менен бүтүрдүк. Ординатурада медицинада оор деп эсептелген ооруларды дарылоонун жолдорун үйрөнүп жатабыз», - дейт Гүлайым Батырбекова.

Ошондой эле ал Анкарадагы мекендештер менен жолугуп турарын билдирди.

«Анкара шаары кышында анча суук эмес, кар көп жаабайт. Жайында өтө ысык эмес. Кооз жерлери көп, жашоосу берекелүү. Тамак-аштары түрдүү жана даамдуу. Түрк элинен үйрөнө турчу кызыктар көп. Коомдук транспорттун шарты жакшы. Жергиликтүүлөр автобус жана метро менен жүрүшөт. Бул жерде билим алууга абдан маани беришет. Окууга өтүү кыйын болгондуктан Хаджеттепе университетинде окуганымды укканда жергиликтүүлөр суктанып калышат. Мен иштеген жерге мекендештерибиз дагы кайрылышат. Кыргыз кыздар менен катташып турабыз. Ординатураны аяктагандан кийин Кыргызстанга барууну пландап жатам», - деди ал.

Г.Батырбекова 3 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×