Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 14.10.2019 12:00 На русском

Нарын шаарынын жаңы мэри жамаат менен таанышты. Сүрөт

Turmush -  Нарын шаарынын жаңы мэри Нурбек Молдокадыров кызматына киришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 14-октябрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Нарын шаарынын жаңы шайланган мэри Нурбек Молдокадыровду жалпы жамаатка тааныштырды. Ошондой эле Нарын шаарынын мэри кызматына бекигендиги боюнча күбөлүк тапшырды.

«Сиз менен буга чейин кызматташып келгенбиз. Вице-мэр кызматын аркаладыңыз. Ак-Талаанын акими дагы болдуңуз, ишиңизге ийгилик каалайм», - деди облус башчысы.

Нурбек Молдокадыров 1-октябрда Нарын шаарынын мэри болуп шайланган. Ага чейин Ак-Талаа районунун акими болуп иштеп жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×