Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 14.10.2019 10:00 На русском

Сейтек Кулубаев Ак-Талаанын акими болду

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы болуп Кулубаев Сейтек Дөөлөтбекович дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

824494.32fc1370eb206328dfb8e050fcf87c52

Кулубаев Сейтек Дөөлөтбекович 1971-жылы 19-март күнү туулган. Үй-бүлөлүү.

Билими:

- 1988-1993-жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда окуп, зооинженер кесибине ээ болуп чыккан;

- 1994-1996-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде билим алып, юрист кесибине ээ болгон;

- 2003-2006-жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинен жерге орноштуруучу инженер кесибине ээ болгон.

Эмгек жолу:

- 1993-1996-жылдары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун «Бабур» акционердик коомунда зоотехник-селекционер;

- 1996-1997-жылдары Кыргыз агрардык союзунда мал чарбачылыгы боюнча координатор;

- 1997-1998-жылдары «Кыргызгипрозем» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун «Жайыттарды коргоо жана мониторинг жүргүзүүнүн» алдындагы «Кыргыз Республикасында кой чарбасын өнүктүрүү» эл аралык долбоорунун изилдөөчүсү;

- 1997-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана суу чарба министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн «КРде кой чарбасын өнүктүрүү» эл аралык долбоорунда кеңешчи-эксперт;

- 1999-2001-жылдары «Кыргызгипрозем» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун «Жайыттарды коргоо жана мониторинг жүргүзүүнүн» алдындагы «Кыргыз Республикасында кой чарбасын өнүктүрүү» эл аралык долбоорунун техникалык кызматкери;

- 2001-2003-жылдары «Кыргызгипрозем» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун 1-категориядагы инженери;

- 2003-2006-жылдары Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгында башкы адис;

- 2006-жылы Ысык-Ата райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысынын орун басары;

- 2006-2010-жылдары Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;

- 2010-2013-жылдары Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы;

- 2013-2014-жылдары «Кулубай» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

- 2014-2015-жылдары Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Жайыттар департаментинин «Мал чарбасын жана базарды өнүктүрүү – 1» эл аралык долбоорунда жайыттардын чеги боюнча кеңешчи;

- 2015-2017-жылдары «АйАс» жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору;

- 2017-2018-жылдары КРдин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмесинин коомдук кеңешчи-эксперти;

- 2018-2019-жылдары Бүткүл дүйнөлүк банктын «Жайыттарды жана мал чарбасын башкаруу жана жакшыртуу» долбоорунун Чүй облусу боюнча координатору.

Сыйлыктары:

- 2010-жылы Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын ардак грамотасы;

- 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ардак грамотасы;

- 2011-жылы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ардак грамотасы:

- 2017-жылы «Айыл чарбасынын мыктысы» төш белгиси менен сыйланган.

Буга чейин бул кызматта Нурбек Молдокадыров иштеген. Ал 1-октябрда Нарын шаарынын мэри болуп шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×