Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 13.10.2019 19:36

Ак-Талаада композитор Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленди. Сүрөт

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда СССРдин эл артисти, социалисттик эмгектин баатыры, композитор жана дирижёр, мамлекеттик гимндин музыкасынын авторунун бири Калый Молдобасановдун 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

12-октябрь күнү белгилүү композитордун 90 жылдык мааракесин белгилөө салтанаты райондук маданият үйүндө өткөрүлүп, ага маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Нарын облусунун башчысы Эмилбек Алымкулов, анын орун басары Жаркын Ибраева, композитордун жубайы Үпөл Молдобасанова, райондук бийликтин өкүлдөрү, композитордун замандаштары, композиторлор, дирижёрлор, тарыхчылар, опера ырчылары жана башка бир катар өкүлдөр катышты.

Мааракенин жүрүшүндө композитор К.Молдобасановдун чыгармачылык жолу, өмүр таржымалы, жашоо сүртүмдөрүнө саресеп салынып, ал туурасында документалдуу фильмдер көрсөтүлүп, көркөм окуулар айтылды.

Андан сырткары, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын алдындагы камералык хор ансамбли, Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театрынын солисттери Сталбек Алмазбеков, Гүлнур Ниязбаева, Надира Жакшалиева жана ошондой эле жергиликтүү өнөрпоздор тарабынан оркестрдин коштоосунда чоң концерт тартууланды. Концертте композитор К.Молдобасановдун бүтүндөй чыгармалары аткарылды.

Ошондой эле композиторго арналган илимий конференция болуп, анда композитор туурасында Кыргызстандын композиторлор союзунун композиторлору жана Илимдер академиясынын музыка илимин изилдөөчүлөрү тарабынан К.Молдобасановдун музыкалары туурасында баяндама жасалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×